"Курманжан датка" долбооруна асылбагыла" дейт Жылдыз Жолдошева

Бишкекте бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жылдыз Жолдошева “Курманжан датка” долбоору боюнча депутаттар мүмкүн болгон учурда каралап жатканын айтты. 

“Мен эмне, апрель окуясында тоноочулук кылып байыдымбы? Мен эмне, "Мегакомдун" акчасын уурдадымбы? Батукаевди качырып, акчасын мен алдымбы? Мен эмне, көлгө пансионаттарды куруп отуруп алдымбы?  Баары эле “Курманжан датка” пансионатына асылып алышты. Эми тасмага өтүшүптүр. Бул тасманы тартуу - менин идеям. Эки китеп чыгардык,  даректүү тасмадан сырткары көркөм фильм тартуу үчүн 2011-жылы Алмазбек Атамбаев уруксат берип, 40 миллион сом бөлгөн эле. Маданият тармагында иштегеним үчүн сыйлык беребиз дешти эле, кереги жок экенин айттым",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан