Кыргызстанда кризис өкүм сүрүп жатса дагы, улуттук кино өнүгө берет. Мындай пикирди “Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалынын ачылышында, аталган фестивалдын демилгечиси Садык Шер айтты. Эске салсак, ушул тапта “Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу фестивалдын ачылыш аземи өтүп жатат. Фестивалга КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, маданият кызматкерлери жана өкмөттүн өкүлдөрү катышууда.