"Кыргызстан - кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалынын эл аралык сынагына бул жылы КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнөн 11 фильм катышууда. Алар:
1) "Акварель" – Елена Друм, Орусия
2) “Дарбыз” – Тато Котетишвили, Грузия
3) “Жайдын бир күнүндө” – Елена Алексане, Беларусь
4) “Эсте. Ой жүгүрт” – Артур Завгородний, Латвия
5) “Аралык” – Янно Юргенс, Эстония
6) “Соң темир” – Вероника Иванова, Украина-Орусия
7) “Маяк” – Фариз Ахмедов, Азербайжан
8) “Чагылуу” – Алмат Жаксылык, Казакстан
9) “Көлмө” – Абдухалил Мигнаров, Өзбекстан
10) “Аралдардын арасында” – Гарик Машкорян, Армения
11) “Телегейи тегиз” – Дальмира Тилепбергенова, Кыргызстан.
Кошумчалай кетсек, ар бир жаран аталган фильмдерди 12-15-декабрь аралыгында саат 10:00дөн 18:00гө чейин акысыз “Манас” кинотеатрынан көрө алышат.