Бүгүн, 20-декабрда депутат Дастан Бекешев «Ар-намыс» фракциясынын жыйынында "куралдуу күчтөр жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолоду киргизүү, болочоктогу президентке аскердик күчтөрдү өзү каалагандай кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет" деди.
Ошондой эле ал «2017-жылдан кийин кандай президент келерин эч ким билбейт. Эгерде ал эл ишенимин актабай, мурдагыдай эле коррупция жана үй-бүлөлүк системде өлкөнү башкара турган болсо, жарандар дагы митингдерге, нараазычылык акцияларына чыгышат. Эгер бул мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизсек, президентте элге каршы курал колдонуу укугу болот. Демек, өлкө ичиндеги саясий максатта аскердик күчтөрдү пайдаланууга тыюу салуу, ошондой эле президентке аскердик күчтөрдү колдонуу менен кыянаттык кылбашы үчүн аныктаманы так жазуу керек",- деп белгиледи өз сөзүндө.