Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүнбек Өмүрзаков шаардагы укук коргоо кызматкерлерине майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөсү тууралуу тапшырма берди.
“Силер жарандардын укугун коргойсуңар. Биринчи кезекте алардын коопсуздугун ойлогула. Биз үчүн майрам күндөр тынч өтсө, ошол майрам. Биз андан кийин майрамдайбыз. Ушул кесипти тандап алгандан кийин өз милдетибизди аткаралы”,- дейт Өмүрзаков19-декабрда болуп өткөн Ош шаары жана Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын коллегиялык жыйынында.