Чүйдөгү Ала-Арча суу сактагычында жырткыч куштарды мыйзамсыз кармоого аракет кылган жарандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандардан бир тор табылып, жем катары колдонулган 10 көгүчкөн эркиндикке коё берилди. Алардын жанынан жырткыч куштар табылган жок.
"Аталган факт боюнча Укук бузуулар кодексине ылайык 12 500 сом айып пул салынды",- деп кошумчаланат маалыматта.