Өзбекстандын Бухара облусунда 8 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 23-октябрда болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп, жабырлануучуга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Өзбекстанда балдарга карата сексуалдык зомбулук үчүн жазаны күчөтүү демилгеси Наманган облусундагы бала бакчада 5 жаштагы кызга зомбулук көрсөтүлгөн окуядан кийин көтөрүлгөн. 14-октябрда балдарды зомбулуктан коргоого багытталган мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 14 жашка толо элек балдарга карата сексуалдык зомбулук үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.