Биз социалдык тармакта

Анкарада ТМУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү 

Бүгүн, 29-октябрда Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Жээнбек Кулубаев жыйынга катышып, түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилерин дайындоодо ротация принцибин сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Министрлер уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулап, мамлекет башчыларынын кароосуна сунушталуучу документтердин долбоорлору каралды", - деп белгиленди маалыматта.

Эскертк кетсек, бул жолугушуу ТМУнун эртеңки 13-саммитинин алкагында уюштурулду. Иш-чарага бир нече өлкөлөрдүн башчылары катышат. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров да барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан