Угуусу начар балдардын жатак мектебине төраганын фондунан 100 миң сом берилди

Жогорку Кеңешинин депутаттары Винера Раимбачаева, Айбек Маткеримов, Дастан Бекешев угуусу начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин 90 жылдык мааракесине арналган салтанатка катышышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, алгач эл өкүлдөрү каалоо-тилектерин айтып, өздөрүнүн ыраазычылык каттарын тапшырды. Салтанат аземинде депутаттар балдардын жатаканасына кошумча жардам катары Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунун эсебинен бөлүнгөн 100 миң сом акчалай сертификатты тапшырышты.

Иш-чаранын алкагында эл өкүлдөрү ден соолугунан майыптыгы бар балдар тарабынан атайын даярдалган концерттик программага күбө болуп, алардын өз колдору менен жасаган эмгектерине да баа беришти.

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев 90 жылдык мааракеге карата дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак мектебинин 8 мугалимине министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан