Касымалиевдин Эр-Риядга сапары: Бир катар маанилүү макулдашууларга жетишилди

Эр-Рияд шаарына болгон иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Арабиясынын айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдуррахман бин Абдулмохсен аль-Фадли менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар акыркы жылдарда өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун олуттуу активдешүүсүн, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды орнотуу аракеттерин белгилешти.

Мындан тышкары тараптар жакын арада Кыргызстандын аймагында өтө турган кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын күн тартибин талкуулап, эки өлкөнүн жумушчу топторуна ӨАК алкагында талкуулоого пландаштырылган маселелер боюнча дыкат жана так иштөөнү тапшырышты.

Ошондой эле Бишкек-Жидда жана Жидда-Ош багыттары боюнча ачылган аба каттамдарын канааттануу менен талкуулашты. Бул маселени макулдашуу жана андан ары иштеп чыгуу ӨАК ишинин алкагында болгонун жана анын ийгиликтүү ишке ашырылышы “эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын эффективдүү ишинин далили” болгонун белгилешти.

Иш сапарынын соңунда өкмөт башчынын биринчи орун басары Acwa Power компаниясынын президенти жана директорлор кеңешинин төрагасы Мухаммад Абдулла Абунаян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз делегациясынын башчысы Саудиянын алдыңкы иштеп чыгуучусу, инвестору жана электр станцияларынын оператору Acwa Power менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, энергетика, кайра жаралуучу энергия жана суу ресурстары тармагындагы Кыргызстандын артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолуп, компаниянын Борбор Азия аймагына инвестиция салууга умтулуусун билдирди жана компаниянын портфели негизинен энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлордон турат деп кошумчалады.

Кыргыз тарап "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоору тууралуу айтып, Мухаммад Абдулла Абунаянды июнь айынын башында Венада гидроэлектростанцияларды курууга финансылык ресурстарды мобилизациялоо боюнча эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, Касымалиевдин Эр-Риядга болгон жумуш сапарынын жыйынтыгында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад Сулайман Аль-Жасирдин Кыргызстанга биринчи сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан