Акылбек Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2-3-майда иш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка караганда, иш сапардын жүрүшүндө Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 11-жыйынына жана үчүнчү эл аралык Ташкент инвестициялык форумуна катышат.

Ошондой эле иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалганы кошумчаланды.

"Энергетика жана курулуш тармактарында иш жүргүзгөн эл аралык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү жана курулуш объекттеринин башкы пландары менен таанышары күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан