Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевге сөгүш берилди

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевге сөгүш берилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде президенттин администрациясынан билдиришти.

"Өлкөнүн Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевге сөгүш берилди", - деп жазылат маалыматта.


Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан