Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Имановго эскертүү берилди. Бул боюнча өлкө башчынын администрациясы бүгүн, 30-апрелде маалымдады.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Иманов Талантбек Орускуловичке эскертүү берилди" - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин 25-апрелде Министрлер кабинети бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жазалар берилгенин маалымдаган. Анда Иманов эскертүү алганы кабарланган.