Пенсиянын топтомо бөлүгүн инвестициялоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Маалыматты президенттин администрациясы билдирди.

Мыйзам ушул жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - инвестициялык портфелдин түзүмүн кеңейтүү аркылуу пенсиялык топтоо каражаттарынын өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу үчүн финансылык инструменттердин тизмегин кеңейтүү болуп саналат.

Пенсиялык топтоо инвестициялардын булагы катары узак мөөнөттүү экендигин эске алуу менен аларды баалуу металлдар (алтын, күмүш, платина) жана Улуттук банктын баалуу кагаздары сыяктуу активдерге инвестициялоо мыйзам менен каралат.

Мыйзам ошондой эле Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Социалдык фонддун резервдик фондун түзүү милдетин да карайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан