Жапаров Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ганды кабыл алды

Бүгүн, 30-апрелде президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ганды кабыл алды. Бул боюнча өлкө башчынын администрациясы кабарлады.

Жолугушууда Жапаров Чжао Гандын азыркы сапары Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты, өзгөчө экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге президент азыркы учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер буга чейин болуп көрбөгөндөй, айрыкча эки тараптуу кызматташтык ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарылгандан кийин жогорку деңгээлде экендигин баса белгиледи.

Шэньси провинциясы менен конкреттүү долбоорлор тууралуу сөз болгондо мамлекет башчысы модернизациялоо иштери аяктагандан кийин жакын арада ишке киргизиле турган "ДЖУНДА" мунай иштетүүчү заводунун ишин жандандыруу долбоорун бөлүп айтты.

Өз кезегинде Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ган Кыргызстанда Шэньси провинциясынын делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, бул анын Кыргызстанга болгон биринчи сапары, анын максаты эки өлкө лидерлеринин ортосунда буга чейин жетишилген долбоорлорду, келишимдерди мындан ары бекемдөө жана ишке ашыруу болуп саналат.

Чжао Ган өзү жетектеген делегациянын алдына кыргыз тарап менен кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүү үчүн зарыл чараларды көрүү милдети коюлганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы темир жол долбоорлорунун, ошондой эле "Кытай-европалык экспресс" темир жолунун аркасы менен Шэньси провинциясы менен Борбордук Азиянын, атап айтканда, Кыргызстан менен сооданын көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүн болоруна ишенимин билдирди.

Соңунда тараптар Шэньси провинциясы менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан