Акылбек Жапаров Ташкент эл аралык III инвестициялык форумуна катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 2-майда Өзбекстандын Ташкент шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун пленардык жыйынына катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, алгач Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев жалпы Ташкент эл аралык III инвестициялык форумун ачып, жалпы 2,5 миңден ашуун катышуучулардын ишине ийгилик каалады.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы туристтик агым жогору болгонун, ошондой эле эки мамлекеттин өз ара соода жүгүртүүсү эки эсеге өскөнүн, учурда товар айлантууну 2 миллиард долларга жеткирүүнүн үстүндө иш жүрүп жатканын айтты.

Өкмөт башчы форумдун энергетика боюнча панелдик сессиясында Кыргызстандын жалпы энергетикалык потенциалы, Кыргызстанда курулуп жаткан эң ири "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулуш долбоору тууралуу сөз сүйлөйт.

Форум Сингапурдун парламент төрагасы Сиа Киан Пенг, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Сауд Арабиянын энергетика министри сыяктуу бир катар мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, БУУнун Европа экономикалык комиссиясы, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду өңдүү бир катар эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк ири каржы институттарынын катышуусунда өттү.

Адистердин белгилөөсүндө, Ташкент эл аралык инвестициялык форуму – Ташкент үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн масштабдуу окуялардын бири. Дүйнөнүн 93 мамлекетинин өкүлдөрү чакырылган форумдун программасына мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги пленардык сессия, 50дөн ашуун эксперттик талкуу жүргүзгөн жолугушуулар, анын ичинде панелдик сессиялар, тегерек столдор жана B2B сүйлөшүүлөр кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан