Акылбек Жапаров энергетикалык “EDF” жана “Masdar” компанияларынын жетекчилери менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкентте Франциянын Elektricite de France (EDF) энергетикалык компаниясынын Европа жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча вице-президенти Марк Жирард жана Masdar компаниясынын жетекчиси Мохамед Жамиль Аль Рамахи менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ага ылайык, 2023-жылдын декабрында Дубай шаарында өткөн Климат боюнча дүйнөлүк саммиттин алкагында энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө үч тараптуу кол коюлган меморандум тууралуу сөз болду.

Министрлер кабинети EDF жана Masdar компанияларынын кызматташуу ниетин кубаттайт жана Кыргызстандагы гидроэнергетикага жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестиция салуусуна колдоо көрсөтөт”, - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүүгө бекем негиз түзүү максатында EDF жана Masdar компанияларынын Кыргызстанда өкүлчүлүктөрүн ачуу сунушуна компания жетекчилери кызыкдар экенин, Кыргызстандагы энергетикалык ири долбоорлорду колдоого даяр экендигин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан