Акылбек Жапаров Өзбекстандагы Олимпиада шаарчасынын курулуш долбоору менен таанышты (фото)

Бүгүн, 3-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Ташкенттеги Олимпиада шаарчасынын курулуш долбоору менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров баштаган делегация мүчөлөрүнө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте курулуш долбоору тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Олимпиада шаарчасынын курулушу 2022-жылдын ноябрында башталган. Жалпы аянты 104 гектарды ээлеген шаарчанын суммасы 289 миллион доллардан ашат.

2025-жылы Азия оюндары жана жаштар арасындагы Азия Пара оюндары Ташкентте өтөт.

Жумуш сапардын алкагында өкмөт башчыга “Янги Ташкент” долбоору тапшырылганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан