Акылбек Жапаров Ташкентте ЕРӨБ президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукту

Ташкентте Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Миристрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасына кирген негизги артыкчылыктуу багыттарын белгилеген Акылбек Жапаров гидроэнергетика, суу ресурстары, тоо-кен, агроөнөр жай, транспорт, жеңил өнөр жай жана курулуш тармактарында активдүү кызматташууну сунуштады.

Бул багыттардын бардыгына өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу керек. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан мамлекеттик деңгээлде 100 долбоор иштелип чыккан. Өзгөчө суу ресурстары тармагындагы маселелерди чечүү үчүн каржылоону колдоо зарыл”, - деди Жапаров.

Ага ылайык, Одиль Рено-Бассо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы мамлекеттик башкарууну жакшыртуу максатын көздөгөн мамлекеттик долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан