Арзыбек Кожошев: “Жеткирүү чынжырындагы глобалдык өзгөрүү жаңы транспорттук каттамдарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн катализатор болуп калды”

29-30-апрелде Дубайда (БАЭ) өткөн 10-Глобалдык логистикалык конференцияда ЕЭК Транспорт жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Евразиялык транспорттук коридорлорду түзүү жана аларды өнүктүрүүнүн жаңы перспективалары тууралуу айтып берди.

ЕЭК Министри Евразия экономикалык комиссиясынын транспорт жана инфраструктура жаатындагы иши жөнүндө, ошондой эле транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун, бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүү, анын ичинде жаңы сатуу рынокторун жана жеткирүү чынжырларын түзүү жөнүндө маалымат берди.

«Геосаясий окуялардын фонунда жеткирүү түйүндөрүнүн глобалдык өзгөрүшү ЕАЭБ өлкөлөрү катышуучу салттуу эл аралык транспорт коридорлорунун көрүнүшүн өзгөрттү жана жаңы транспорттук каттамдарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн катализатор болуп калды», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Министр өз баяндамасында катышуучуларды Биримдиктин транспорт тармагынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана ЕАЭБ аймагы аркылуу жүк ташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү негизги долбоорлор менен тааныштырды.

Ошондой эле Арзыбек Кожошев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоордун ишке ашырылышын буга мисал катары келтирди. Ал Кытай менен Өзбекстандын темир жолдорун Кыргызстандын аймагы аркылуу бириктирип, учурдагы Чыгыш-Батыш коридорун 900 чакырымга кыскартат жана андан кийин Түркмөнстан, Иран жана Түркия аркылуу Жаңы Жибек Жолунун транспорт системасынын бөлүгү катары европалык темир жол тармагына кошуларын белгиледи.

Ага ылайык, конференциянын алкагында ЕЭК Министри Global LogisticsAlliance GLA (Global Logistics Alliance) президенти Грейс Сун менен жолугушуу өткөрдү.

«Иш-чара транспорттук жана логистиканын эң маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн жакшы эл аралык аянтча болуп саналат. Өзгөчө заманбап шарттарда, жаңы каттамдарды издөө дээрлик дүйнөлүк трендге жана бул чөйрөдөгү эң актуалдуу күн тартибине айланууда», - деп белгилеп, конференциянын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди министр.

Ал эми Грейс Сун Глобалдык логистикалык альянстын ЕЭК жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен евразиялык мейкиндиктеги транспорт тармагынын негизги оюнчулары катары кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынын ортосундагы байланыштарды түзүү максатында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн аянтча уюштурулган. Иш-чаранын алкагында Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары ХайкТутунжян Абу-Даби Экономикалык өнүгүү департаментинин логистиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жон-Пол Симпсон менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүү, деңиз портторун санариптештирүү жана Абу-Даби портторуна жана кайра артка ташуулар боюнча диалог түзүү, өз ара аракеттенүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн:

Глобалдык логистикалык конференция - бул транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары үчүн кызматташууга жана актуалдуу тармактык маселелерди талкуулоого көмөктөшүүчү эл аралык аянтча.

Уюштуруучу: Global Logistics Alliance GLA — 170тен ашык өлкөдөн 7000ден ашык логистикалык компанияларды бириктирген тармак. Башкы кеңсеси Кытайдын Шэньчжэнь шаарында жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан