Акылбек Жапаровдун Ташкентке болгон иш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Өзбекстандын Ташкент шаарына болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жумуш сапары менен Ташкент шаарына барган Жапаровду Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Андан ары Акылбек Жапаров Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун пленардык жыйынына катышып, Кыргызстан менен алака түзүүнүн потенциалына токтолуп, форумдун ишине ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, форумга 93 мамлекеттин 2,5 миңден ашуун мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк ири каржы институттарынын жана компаниялардын катышуусунда өттү.

Жапаров форумдун алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугуп өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маселелерин сүйлөштү.

Ошондой эле форум учурунда Сингапур Республикасынын Парламентинин төрагасы Сиа Киан Пенг, Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаз, ошондой эле бир катар дүйнөгө белгилүү компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, эки тараптуу кызыктыруучу маселелер боюнча учкай сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Форумдун энергетика боюнча панелдик сессиясында сөз сүйлөгөн Акылбек Жапаров Кыргызстанда курулуп жаткан "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулуш долбоору, ошондой эле Чаткал ГЭСинин курулуш долбоору жана Кыргызстандын жалпы энергетикалык потенциалы тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, өлкөнүн энергетика тармагы тууралуу презентациясы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун, ошондой эле эл аралык уюмдар менен каржы институттарынын катышуусунда өткөрүлдү.

Адистердин белгилөөсүндө, Ташкент эл аралык инвестициялык форуму – Ташкент үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн масштабдуу окуялардын бири.

Андан ары франциялык EDF энергетикалык компаниясынын Вице-президенти Марк Жирард жана Masdar компаниясынын башкы директору Мохамед Жамиль Аль Рамахи менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу жана биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Жапаров иш сапарынын биринчи күнүнүн соңунда курулуп жаткан Олимпиада шаарчасына барды. Анда Өзбекстан премьери Абдулла Арипов тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте курулуш долбоору тууралуу айтып беришти. Мында “Янги Ташкент” долбоору да тааныштырылды. Презентацияга Кыргызстандын куруу тармагындагы мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана адистери да катышты.

Акылбек Жапаров жумуш сапарынын экинчи күнүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугуп баштады. Анда суу ресурстары, энергетика тармактарын каржылоо маселелери сүйлөшүлдү.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен биргеликте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жаңы имаратынын расмий ачылыш аземин жасады.

Борбор Азия мамлекеттеринин Өзбекстандагы элчилери, диаспоралар, этникалык кыргыздар жана жергиликтүү жашоочулар катышкан ачылыш аземинде эки мамлекеттин өкмөт башчылары кыргыз-өзбек достугу түбөлүктүү жана кызматташуусу арта берүүсүн билдиришти.

Андан соң Акылбек Жапаров менен Өзбекстан премьери Абдулла Ариповдун жетекчиликтери алдында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отуруму тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.

Отурумда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланып, өзгөчө энергетика, суу ресурстары, өз ара соода жүгүртүү, билим берүү тармактарына кеңири көңүл бурулуп, жыйынтыгында маанилүү чечимдер кабыл алынып, тийиштүү протоколго кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан