Айни-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак муниципалдык менчикке өткөрүлдү

Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу кечээ, 20-декабрда шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов билдирди. Анын айтымында, сейил багына расмий статус берүү маселеси КСДП фракциясынын депутаттары тарабынан жай мезгилинде эле көтөрүлүп чыккан. Ал өз сөзүндө "Бул аймак 49 жылга ижарага берилип кеткендиги аныкталды. Биз мэрияга бул чечимди жокко чыгаруу тапшырмасын бергенбиз. Бир нече күн мурун токтом жокко чыгарылып, сейил бак муниципалитеттин карамагына өткөрүлүп берилди",- деди. Ошондой эле ал шаардык кеңеш сейил багына корукка алынган жер деген макам ыйгара тургандыгын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан