Бүгүн, 13-майда өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италия мамлекетинин Тышкы иштер министринин орун басары, парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Эдмондо Чириелли жетектеп келген делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Билдиргендей, жолугушууда Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштардын активдешүүсүн канааттануу менен белгилеп, соода жана инвестиция сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин айткан.
Ага ылайык, Эдмондо Чириелли Италия Кыргызстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселеси артыкчылыктуу болуп жатканын билдирген.
"Тараптар эл аралык күн тартибин, эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун алкагында кызматташуусун, атап айтканда, тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгени алга жылдыруу жана 2027-жылы Бишкекте Глобалдык тоо саммитин өткөрүү маселелерин талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамилелерди мындан ары да бекемдөөнү жана быйылкы жылы ар кандай деңгээлдеги бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашышканын кошумчалады.