Бүгүн, 16-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Кыргызстандын 1587 жараны чет мамлекеттерде соттолуп, жазасын өтөп жатканын билдирди.
Алардын көпчүлүгү Орусияда, тагыраагы, 742 адам. Түркияда 31, Тажикстанда 25, Казакстанда 86, Өзбекстанда 45, Кытайда 13, Италияда 10, БАЭде 15, Түштүк Кореяда 8, Иракта 41, Иранда 5, Белоруссияда 4 киши абакта отурат. Ал эми Венгрия, Германия, Словакия, Словения, Румыния, Молдова, Францияда бирден, Сауд Арабия, Литва, Грузия, Украинада экиден киши жазасын өтөп жатышат.
Сыдыков мындан сырткары чет өлкөлөрдүн тергөө абактарында 788 кыргыз жараны сот чечимин күтүп отурганын, алардын ичинен 742си Орусияда экенин кошумчалады.
"Түркияда 13, Тажикстанда 9, Казакстанда 5, Италияда 5, Венгрияда 4, Германия, Египет, Сауд Арабиясында экиден, Түштүк Корея, Чехия, Франция, Монголияда бирден киши", - деди ал.
Жыйында Кылмыш-жаза кодексине жана Жаза аткаруу кодексине өзгөртүү киргизилген мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Юстиция министринин орун басарынын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети чет мамлекеттин аймагында эркиндигинен ажыратууга соттолгон кыргыз жарандарынын андан ары жазасын өтөөсү үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүү функциясын ишке ашыруу болуп саналат. Сунушталган мыйзам долбоору соттолгондорду өткөрүп берүү процессин тездетүү жана чет мамлекет тарабынан баш тартуу мүмкүндүгүн азайтуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү үчүн багытталган.