Мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 21 миллион доллар бөлүнөт

Кыргызстанга мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн 21 миллион доллар бөлүнөт. Бүгүн, 23-декабрда Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фонду ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин “Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорун каржылоону жактырды. 

Маалыматка ылайык, аталган долбоор Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат. Анын негизги максаты - мал чарбачылыгынан алынуучу  азык-түлүктүн көрсөткүчүн жогорулатуу болуп эсептелет. 

5 жылга пландалган долбоордун жалпы суммасы 39 миллион долларды түзөт. Анын 32 миллион доллары Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фонду тарабынан (21 миллион доллар грант катары берилсе, 11 миллион доллар 50 жылга 0,75 пайыздык төлөм менен насыяга) берилүүдө. 

КРнын Өкмөтү тарабынан 7 миллион доллар салык төлөм катары каржылоого бөлүнөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан