Депутат Чойбеков Таластын алдыңкы окуучуларына акчалай стипендия тапшырды

Талас шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбековдун демилгеси менен Талас облусунун мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн “Мыкты окуучу-2024” стипендиялык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлоо аземи болуп өттү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө окуудагы жана коомдук-маданий иштердеги өзгөчө жетишкендиктери бар 247 окуучуга эл өкүлүнүн атынан Ардак грамоталар, ошондой эле стипендиялар жана баалуу белектер тапшырылды.

“Билимдүү жаштар гана күчтүү коомду кура алат. Күчтүү коом гана өнүккөн өлкөнү түзөт. Андыктан жалпы келечек ээлерин мыкты билим алууга, өзүн-өзү ар тараптуу өнүктүрүүгө чакырам”, - деди Чойбеков куттуктоо сөзүндө.

Белгилей кетсек, бул иш-чара эл өкүлүнүн демилгеси жана демөөрчүлүгү менен быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан