Авиакырсыктан каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раисинин тажыясы өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кичи мекени Мешхед шаарында 23-май күнү кечинде болот. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Мохсен Мансури билдиргенин аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Белгиленгендей, тажияны уюштуруу боюнча комитетти да Мансури жетектеп жатат. Анын айтымында, каза болгондор Мешхед шаарындагы Имам Реза мавзолейине коюлат. Ага чейин 21-майда Тебризде (Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясы) коштошуу зыйнаты болот.
Мешхед ажылыктын борбору жана Иран калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн шиит мусулмандары үчүн негизги ыйык шаарлардын бири.
19-майда түштөн кийин Иран президентинин тик учагы кулап түшкөн. Аны издөөгө Түркиядан 70тен ашык куткаруучу топ жана техникалар жөнөтүлгөн. 20-май күнү эртең менен түркиялык пилотсуз учак Bayraktar Akinci Азербайжан менен чек арадан 30 чакырым алыстыкта Ирандын Тавил айылына жакын жерде жылуулук булагын тапкан. Ошол жерден президенттик тик учактын күйгөн сыныктары табылган.
Раиси менен бирге учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан, Тебриз жума намазынын имамы Мохаммад Али Аль-э-Хашем, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малек Рахмати, тик учактын экипажы жана бир коопсуздук кызматкери болгон. Делегация Азербайжандан кайтып келе жаткан. Бардык жүргүнчүлөр каза болгон.
Иран өкмөтү республиканы башкарууда "кичине да үзгүлтүккө учурабайт" деп ишендирди. Өлкөдө 50 күндүн ичинде шайлоо өтүшү керек.