
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Нилуфар Алимжанова уулдуу болду. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Кош келдиң, уулум, бул керемет жашоого. Кудайга чексиз шүгүр”, - деп жазган депутат.

Айта кетсек, депутат жолдошу менен буга чейин эки кызды тарбиялап келген.
Алимжанова 1991-жылдын июнь айында Оштун Ноокат районунда төрөлгөн. Жогорку Кеңешке депутат болуп 2021-жылы "Альянс" партиясы менен келген.