Токон Мамытов Тажикстандын вице-премьер-министри менен чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов тажик тарап менен чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу  бүгүн, 23-декабрда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Ирина Карамушкина билдирди. 

Анын айтымында, Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон Кыргызстанга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн келгендиктен Т.Мамытов комитеттин жыйынына катыша албайт. Мындан сырткары 26-декабрдан 31-декабрга чейин Тажикстанга чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кыргыз өкмөтүнөн өкүлдөрдүн баруусу пландалып жатканын айтты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан