Адылбек Касымалиев Москвада ЕЭК кеңешинин жыйынына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Орусиянын Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, отурумдун жүрүшүндө 15 маселе каралды.

Кеңештин чечими менен 2029-жылга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде чылымга бирдиктүү индикативдик акциз салыгынын ставкасы бекитилди.

Бул чечим Евразия экономикалык биримдигинин Тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын 2402 20-субпозициясында классификацияланган тамекилерге 2029-жылга бирдиктүү индикативдик акциздик салыктын өлчөмүн бекитүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан сырткары дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизациялоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул чечимдин кабыл алынышы фармацевтикалык өндүрүшчүлөр тарабынан каттоо досьесинин материалдарын даярдоодо административдик жол-жоболордун аткарылышын оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү товарларды бажылык декларациялоо практикасына мониторинг жүргүзүү боюнча отчётту талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан