Назарали Арипов Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулунун кызматынан бошотулуп, ордуна Жеңишбек Асанкулов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Назарали Арипов Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулунун кызматынан бошотулду. Анын ордуна Асанкулов Жеңишбек Казакстандын Шымкент шаарын, Алматы, Жетысу, Жамбыл, Түркестан жана Кызылорда облустарынын аймагын камтыган консулдук округу менен Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.