Легендарлуу курал конструктору Михаил Калашников 95 жаш курагында каза тапты

Легендарлуу курал конструктору Михаил Калашников 95 жаш курагында каза тапты. Маалыматка ылайык, 17-ноябрда ал ашказандагы кан агуу диагнозу менен госпиталга жаткан. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда, ИТАР-ТАСС басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Калашников –  автоматтык аткыч курал системинин автору. Бул систем бүгүнкү күнгө чейин эң мыкты деп саналып келет. Калашниковдун 30 жылдан мурун айтылган «Эгер кимдир бирөө меникинен да сонун автомат ойлоп чыгарса, мен аны менен биринчи барып учурашам» деген сөзү канаттуу сөзгө айланган.

"Өзүнүн белгилүү АК-47 автоматын 1947-жылы конструкциялаган. Азыркы учурда Калашников автоматтары 100дөн ашык өлкөлөрдүн күч түзүмдөрү менен колдонулат жана 20 кылымдын эң кѳрүнүктүү ойлоп чыгарган нерселердин бири болуп саналып келет. Михаил Калашников көптөгөн автобиографиялык китептерди жазган жана карыган кезге чейин заводдогу башкы конструктор кызматында иштеп келген. Ал Орусия Баатыры жана эки ирет Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган жалгыз адам болуп саналат" деп ИТАР-ТАСС басма сөз кызматы кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан