Ош. ОГПИде жаңы окуу имаратынын курулушу башталды

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун жаңы окуу корпусуна капсула таштоо күнү болуп өттү. Курулуп жаткан имарат 400 орундуу. Ал 2015-жылы колдонууга берилет. Капсула таштоого ОГПИнин ректору Б.Зулуев баш болгон окуу жайдын окутуучулар жамааты жана кызматкерлер, ОшМУнун ректору К.А.Исаков келип, каалоо-тилектерин айтып өтүштү. "Ушундай чоң ишти сиздердин биримдигиңиздерге, ынтымагыңыздарга таянып чечим кабыл алуу менен баштап отурабыз. Эми мындан ары да жаңы окуу имаратыбызды ийгиликтүү бүтүргөнгө кайдыгер карабайсыздар деген үмүттөмүн",- дейт ректор Бекмурза Зулуев. Кошумчалай кетсек, көп жылдан бери эмгектенген ардагер мугалимдер биринчи кошкон салымы катары акчалай жардамдарын беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан