Ырчы Абидин Темиров лотереядан унаа утуп алганын бүгүн бизге кабарлады. "Ысык-Көлдө өтчү "Кадыр түн" фестивалынын уюштуруучусу жана демөөрчүсү Кадыр Кунуй уулу 50 жылдыгына карата той өткөргөн. Тойго көптөгөн маданият өкүлдөрү, ырчылар келишип, той шоуго айланып кетти. Ал жерден лотерея дагы ойнотулуп, кымбат баалуу белектер коюлуптур. Лотереянын жыйынтыгында мага Ниссан Премьера үлгүсүндөгү унааны уткандыгымды айтышып, күтүүсүз сюрприз кылышты",- деди Абидин Темиров.