Буга чейин ӨКМдин Кыргызгидромет кызматы 24-25-июнда туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын болору тууралуу билдирүү тараткан болчу.
Кечээ, 24-июнда Жалал-Абадда саат 17:00 чамасында жаап өткөн жамгырдан улам кокту-колоттордон топтолгон сел Ноокен районунун Д.Садырбеков жана Базар-Коргон районунун Шайдан-Сай сайына жакын жайгашкан турак жайларды каптады.
Ага ылайык, бүгүн, 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда сел каптаган турак жайлардын 80 пайызы тазалангандыгын тастыктады.
Учурда сел каптаган 3 социалдык объекттин жана 50 үйдүн короо-жайы тазаланууда.
Мындан сырткары тэ"Тез жардам" жана Санитардык эпидемиологиялык кызматы тарабынан жергиликтүү тургундардын ден соолугу көзөмөлгө алынууда.
Ошондой эле кечээ, 24-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорун да сел каптаган.
Ага байланыштуу саат 14:40 чамасында Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айыл аймагында тоолорго жааган жамгырдан улам сел өткөрүүчү сайларга сел суулары түшкөн. Анын кесепетинен Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 278-чакырымында убактылуу унаа каттамы үзгүлтүккө учураган.
Натыйжада 2 турак үйдүн жер төлөсүн тазалоо жумуштары колго алынды. Жалпы 20 куткаруучу, ал эми саат 21:59да Аэрапорт тилкесинде жашаган жергиликтүү элди коопсуз жайга көчүрүү үчүн Самаркандек айылындагы №31 ӨККБдан автобус, АСМ атайын техникасы тартылган.
Учурда сел каптаган айылдардагы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жер-жерлерде жумуш алып барылууда. Ал эми үзгүлтүккө учураган суу, электр энергиясын калыбына келтирүү, күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү болгон бардык шарттарды түзүү, элдерге психологиялык жардамдарды уюштуруу, зарылчылык болсо эвакуация болгон элди убактылуу жайгаштыруу маселеси чичилүүдө.
Жалпы облус боюнча жааган жамгырдын кесепетинен 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн короолоруна, 5 социалдык объектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирген. Ошондой эле сел суулары 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген.
Бүгүн, 25-июнь саат 12:00гө карата Баткен облусунун Кадамжай районунда катталган селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 692 адам тартылды.
Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү.
Тилекке каршы, селдин кесепетинен Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылынын тургуну 5 жаштагы И.С. аттуу өспүрүм каза болду. Аны менен катар эле аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну ден соолугунан жабыркап, ооруканага жаткырылды. Учурда анын абалы орто.
Мындан тышкары сел 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен.
Ал эми Лейлек районунда катталган селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 36 куткаруучу, №13 ЖТИден 2 грейдер, 2 жүктөгүч тартылган.