Бүгүн, 25-июнда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев саат 07:00дө сел кесепеттерин жоюу боюнча район акимдери, шаар мэрлери жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары менен ыкчам штаб өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, облус башчы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жер-жерлерде жумуш алып баруу, бардык техникаларды тартуу, үзгүлтүккө учураган суу, электр энергиясын калыбына келтирүү, күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү болгон бардык шарттарды түзүү, элдерге психологиялык жардамдарды уюштуруу, зарылчылык болсо эвакуация болгон элди убактылуу жайгаштыруу маселесин чечүүнү тапшырды.
Жалпы облус боюнча жааган жамгырдын кесепетинен 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн огород участкаларына, 5 социалдык объектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген.
Ага ылайык, Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү.
"Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылынын тургуну 5 жаштагы И.С. аттуу өспүрүмдүн жансыз денеси саат 23:45 чамасында табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну ден соолугунан жабыркап, ооруканага жаткырылды, абалы орто.
Ошондой эле сел 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-июнда Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.