Өлкөдө апта ичинде орун алган кадрдык өзгөрүүлөр

Кыргызстанда бир апта аралыгында бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Алсак, 24-июнда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев кызматтан кеткени кабарланган. Мекеме Бөкөнтаев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан кетип жатканын билдирген болчу.

Ушул эле күнү "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директору болуп Качкынбай уулу Шамшыбек дайындалган. Ал буга чейин "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген.

25-июнда Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нургүл Салиева дайындалды. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Салиева буга чейин "Салык сервис" мамлекеттик мекемесинин директору кызматын аркалап келген.

26-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү документке өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ал бул министрликти 2023-жылдын март айынан бери жетектеп келген.

Ал эми ошол эле күнү Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна шайлаган.

Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарылыкка ылайык, 27-июнда Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси Уланбек Тотуяев кызматынан бошотулган. Тотуяев аталган кызматка 2021-жылы июнь айында келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан