Салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директору болуп Качкынбай уулу Шамшыбек дайындалды. Бул тууралуу аталган кызмат бүгүн, 25-июнда кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Буга чейин Шамшыбек Качкынбай уулу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген.
Эскерте кетсек, буга чейин "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директору болуп иштеген Нургүл Салиева Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.