Нарындагы Валерий Чкалов атындагы №2-орто мектебинин алты окуучусу Москвада орус тили боюнча өткөн эл аралык олимпиадага катышып, байгелүү кайтышты. Бул
тууралуу Москвадагы М.Ломоносов мектебинин басма сөз кызматы
билдирди.
Маалыматка ылайык,Арисова Айгерим, Жумагул кызы Элизат, Кенжебеков
Темирлан, Султангазиев Айбек, Эламан кызы Бегимай аттуу окуучулар “Жеңишке
умтулуу” деген сыйлыкка ээ болушту. Ал эми 7-класстын окуучусу Ажыгулова Айпери “Оозеки сөз” наамын утуп алды.