Бишкек шаардык кеңеши 25-декабрдагы кезексиз жыйынында “Бишкек жылуулук тармагы” ААКынын отчётун кийинки жыйында карай турган чечим кабыл алды.
Мындай сунушту шаардык кеңеш Бишкек ЖЭБи, “Бишкек жылуулук энерго” көзөмөлдөө пункту, “Бишкек жылуулук тармагы” ААКсы боюнча маалымат угузулгандан кийин кабыл алынган.
Ошондой эле жыйында борбордогу газ чарбачылыгы, “Түндүк электр” ААКынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо системинде жылуулук берүү сезонуна даярдыктар тууралуу маалымат айтылган.