Нурсултан Назарбаев: "Айрымдар ойлогондой, интеграция эч кимге бекер аш бербейт"

Айрымдар ойлогондой интеграция эч кимге бекер аш бербейт. Бул туурасында кечээ, 24-декабрда Москвада өткөн Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдирди.  

“Евразиялык Экономикалык биримдик СССРди кайра куруу болуп саналбайт. Учурда биздин өлкөлөрүбүздүн тарыхы түзүлүп жатат. Айрымдар ойлогондой, интеграция эч кимге бекер аш бербейт. Биз ал жакка өз өлкөлөрүбүздүн кызыкчылыгы үчүн баратабыз” деди Нурсултан Назарбаев.

Ошондой эле Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу "жол картасын” тезирээк кабыл алууга чакырып, биримдикке мүчөлөрдү кабыл алууда эч кандай жеңилдик берилбеши керек экендигин белгиледи.

Эске сала кетсек, ал жыйынга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан