Сокулукта өспүрүмдү бычактап, бутун өптүргөн жигиттин кайра өзү кордолуп жаткан видеосу тарады

Бүгүн, 30-июлда социалдык тармактарда Сокулукта өспүрүмдү кордогонго шектелип кармалган, өзүн “Принц” деп атаган жаранды белгисиз бирөөлөр жазалап жаткан видео тарады.

Видеодон бет кап кийген белгисиз адамдар "Сокулук ханзаадасы" делген уланды кайсы колу менен бычак сайганын сурап, андан соң ошол колуна чыбык менен чапкылап, бутун өпкөнгө мажбурлап жатканын көрүүгө болот.

Окуя качан жана кайда болгону, ошондой эле бет капчан адамдардын ким экендиги тууралуу маалымат жок. Милиция азырынча бул факты боюнча үн ката элек.

Эске салсак, 26-июлда социалдык тармактарда өзүн “Принц” деп атаган улан өспүрүмдү кордоп жаткан видео тараган.

Милиция көп өтпөй 16 жашар өспүрүмдү кордогонго шектүү катары 19 жаштагы Ч.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген.

Андан соң шектелип кармалган жаранга козголгон кылмыш иши оор беренеге өзгөртүлгөнү маалымдалган.

Видео: 24.kg
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан