Ысык-Көлдөгү сел кесепеттерин жоюуга 681 адам, 59 атайын техника тартылды

Бүгүн, 20-августта таң эрте Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 681 адам, 59 атайын техника чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
"Анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа, ал эми Жарандык коргонуу кызматынан 323 кызматкер жана 33 ХОВО унаасы, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор тартылды. Темировка, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарына бөлүнүп, айыл ичинде тазалоо иштерин жүргүзүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек,18-августта саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду, Темировка айылдарын жана "Ысык-Көл Аврора" эс алуу жайын сел суулары каптаган. Үч районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жабылган каттамдар кечээ, 19-августта жанданды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан