УКМК экс-депутатка издөө жарыялады

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нургазы Айдаровго издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Айдаровдун эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, анын ичинде Салимбай байбача лакап аты менен белгилүү болгон Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салим Абдувалиевдин ишмердигин каржылоо фактылары аныкталды.

"Айдаров Абдувалиевдин укукка каршы ишмердигин жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен болгон тыгыз байланыштарын билип туруп, ага ар тараптан сый-урмат көрсөткөн. Ал өз кезегинде Айдаровдун Өзбекстандын аймагында жүргүзүп жаткан ишкердигине колдоо көрсөткөн", - деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдардын негизинде Нургазы Айдаровго карата Бишкектин Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды. Ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана Интерпол бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.

58 жаштагы Айдаров Жогорку Кеӊештин VI чакырылышында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат болгон.

Белгилей кетсек, 8-августта УКМК анын иниси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаровду кармаганы маалым болгон. Ал Жогорку Кеӊештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон.

Октябрь райондук соту аны 4-сентябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Салайдин Айдаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып коюлган.

УКМК ушул эле берене менен Ошто ишкер катары таанылган Жалил Атамбаевди да кармаганы маалым болгон. Ал дагы 4-сентябрга чейин камакка алынып, тергөө абагына киргизилген.

2018-жылы Салим Абдувалиев менен кыргызстандык экс-депутат Нургазы Айдаров жана мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев түшкөн делген видео тарап, кызуу талкууга алынган.

Тасмада Жогорку Кеӊештин 3 жолку депутаты Нургазы Айдаров менен Ош облусундагы таасирдүү ишкер Жалил Атамбаев Салим байбачаны ортого коюп алып ага ыраазычылык билдирип, аны "Кыргыздын тиреги" деп айткандарын угууга болот.

Ал видеого улай эле интернетке Жогорку Кеңештин депутаттарынын Салим байбачага чапан жапкан сүрөтү тараган. Ал сүрөттөн Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Дамирбек Асылбек уулу менен Салайдин Айдаровду жана "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовду көрүүгө болот.

Салайдин Айдаров ал сүрөт 2014-жылы Өзбекстанда спортко байланыштуу иш-чарада тартылганын билдирген.

Салим Абдувалиев ушул жылы 19-мартта Өзбекстанда алты жылга кесилип, ошондон бери абакта отурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан