Оштогу байлардын сап башында делген Жалил Атамбаев кармалды

Мурдагы милиция кызматкери, Оштогу байлардын сап башында делген Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Жалил Атамбаев УКМК тарабынан кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деп шектелүүдө.

Жалил Атамбаевдин кармалганын Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 8-августтагы чечими менен ал 4-сентябрга чейин тергөө абагына киргизилген.

Эске салсак, 2021-жылы Жалил Атамбаев "Мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча шектелип кармалып, кийин келтирилген зыяндын ордун толтуруп абактан чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан