Интернетке Кыргыз жериндеги көрүнүктүү адамдардын “Салим байбача” деген лакап аты менен таанымал өзбекстандык олигарх Салим Абдувалиев менен тартылган видеосу тарап, кызуу талкууга алынып жатат. Тасмада Жогорку Кеӊештин 3 жолку депутаты Нургазы Айдаров менен Ош облусундагы таасирдүү ишкер Жалил Атамбаев "Салим байбачаны" ортого коюп алып ага ыраазычылык билдирип, аны "Кыргыздын тиреги" деп айткандарын угууга болот. Бирок бул видеого улай эле интернетке Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Салим байбачага” чапан жапкан сүрөтү тарады. Ал сүрөттөн Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Дамирбек Асылбек уулу менен Салайдин Айдаровду жана "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовду көрүүгө болот.
Салайдин Айдаров бүгүн, 14-февралда SUPER.KG'ге “Салим байбачага” эмне үчүн жолукканын жана чапан жапканынын себебин түшүндүрүп берди. Анын белгилешинче, интернетке тарап жаткан сүрөт 2014-жылы Өзбекстанда тартылган.
"Сүрөт 2014-жылы Өзбекстанда тартылган. Биз ал жакка күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна барганбыз. Ал киши Өзбекстандын Күрөш федерациясынын президенти жана Өзбекстандын Олимпиада комитетинин вице-президенти. Шаршенбек Абдыкеримов болсо Кыргыз мамлекетинин Улуттук Олимпиада комитетинин президенти, Дамирбек Асылбек уулу Күрөш федерациясынын вице-президенти. Ошондуктан Салим Абдувалиев бизди конок катары тосуп алгандыктан биз ага чапан жаап, калпак кийгизгенбиз да сүрөткө түшүп койгонбуз. Бул сүрөт каяктан интернетке чыгып кетти белгисиз. Мен андан кийин ал киши менен такыр жолугушкан жокмун, катыштыгым жок", - деди Салайдин Айдаров.
Салайдин Айдаров “Салим байбача” менен бирге видеодо сүйлөп жаткан Нургазы Айдаровдун бир тууган иниси.