Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду.
Анын кармалганын Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук соту 8-августта Айдаровдун бөгөт чарасын карап, ал 4-сентябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.
Салайдин Айдаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып коюлган.
Белгилей кетсек, УКМК ушул эле берене менен Оштогу байлардын сап башында делген Жалил Атамбаевди да кармаганы маалым болгон. Ал дагы Бишкектин Октябрь райондук сотунун 8-августтагы чечими менен 4-сентябрга чейин камакка алынып, тергөө абагына киргизилген.