ЖКда кылмыштарга карата эскирүү мөөнөтүн жокко чыгаруу мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 26-декабрда парламентте "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору кайрадан талаш-тартышты жаратты. 
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев аталган мыйзамдын долбоору 2013-жылдын жыйынтыгы менен кабыл алынып калса, анда 2003-жылы "Кумтөр" маселеси боюнча күнөөлүү адамдар дагы үчүн колдонулуп кала тургандыгын айтып, бүгүн добушка коюуну өтүндү. Бирок айрым депутаттар аталган мыйзамды добушка коюуда регламент бузулуп жаткандыгын айтып, ага каршы чыгышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 
Текебаевдин айтымында, мыйзам долбоору коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүүдө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (мамлекеттик чыккынчылык), 303-беренеси (паракорчулук) жана 304-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш кылган адамдарга карата эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарууну көздөйт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан