Бүгүн, 27-декабрдагы маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Кыргызстандын 2014-жылдагы бюджетинде мамлекеттик чек араларды бекемдөө үчүн жетишерлик каражат каралган эмес” деп билдирди.
Анын айтымында, Бажы биримдигине кирерден мурун Кыргызстан алган милдеттенмелерине жараша сырткы жана ички чек араларын тактап алышы керек. “Биз Кытай, Тажикстан, Өзбекстан менен чек араны бекемдеп алышыбыз керек”,- деди ал.