Ысык-Көл. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

12-декабрда Ысык-Көл облусунда "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" коомдук бирикмесинин Координациялык кеңешинин жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган коомдук бирикменин директору Мира Абдраимова билдирди. Анын айтымында, коалициянын алдында 25-ноябрда өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго карата облустук Координациялык кеңеш түзүлгөн. Кеңешке 5 райондук аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери, прокурорлор, соттор мүчө болушкан. 

Координациялык кеңештин жыйынында жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыгы чыгарылды. Анда шайлоонун өтүшү, аталган кеңештин аткарган иштери жана андагы кемчиликтер, мыйзам бузуулар туурасында сөз болду. 

Эске сала кетсек, шайлоо боюнча Түп районундагы шайлоо тилкелеринин бириндеги депутаттыкка талапкердин атынан сотко арыз түшкөн. "Ал талапкердин арызы каралып, маселе арыздануучунун пайдасына чечилген. Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр шайлоо тилкесиндеги жоголгон бюллетендердин изи табылып, аны аймактык шайлоо комиссиясы туура эмес санап бергендиги маалым болду. Кара-Ой шайлоо тилкеси боюнча иштер териштирилүүдө. Ак-Суу райондук, аймактык шайлоо комиссиясына райондук жетекчилик тарабынан кысым көрсөтүү фактысы боюнча ОИИБ жана облустук прокуратура иликтөө иштерин жүргүзөт",- дейт Мира Абдраимова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан